Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы көрүндү. Казакстан унааларды тез өткөрүп жатат
Бөлүшүү:
«Кечээ күндөн тартып «Ак Жол», «Ак Тилек» жана «Чон Капка» бекеттеринде жагдай жакшырды. Казакстан унааларды жана элди тез өткөрө баштады. Бул тууралуу Barometr kgге бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
10-октябрдан тартып күчөтүлгөн режимдин негизинде Казакстан бекеттен бир саатта бир унаа өткөрсө азыр бул мезгилде он унаа өткөрүп жатат.
“Учурда «Ак Жол» бекетинде 100дөй жаран жана 20 унаа турат”,-деп кабарлашты МЧКдан.
Ведомство берген маалыматка таянсак, саат 9дан 21 :00гө чейин казак тарап 150 унааны өткөргөн.
“Ак Тилек” бекетинде 300дөй унаа кармалууда, «Чон – Капка» бекетинде 70 унаа бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content7832
Добавить комментарий ×