Кыргызстандын мектептеринде окуу китептери ижарага берилет

20 октябрь 2017 12:16 1217 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын өкмөтү жалпы билим берүү мектептеринде окуу китептерин баскыч-баскычы менен ижарага берүүнү баштайт. Тиешелүү токтомго 16-октябрда    премьер-министр Сапар Исаков тарабынан кол коюлду.   

Токтомго ылайык окуу китептерин ижарага берүүнүн тартиби бекитилди. Билим берүү министрлигине Каржы министрлиги менен биргеликте бир жылга китепти ижарага берүү акысынын көлөмүн аныктоо тапшырмасы берилди.   

Мындан тышкары министрликке ата-энелердин арасында ижарага берүү тууралуу маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле мектептер төмөнкү категориядагы окуучуларды акысыз китептер менен камсыз кылат:

 -  көп балалуу үй-бүлөлөрдү (беш жана андан ашык)  

-  аз камсыз болгон жана социалдык жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү  

-  ата-энеси  I жана II  топтун майыбы болгон үй-бүлөлөрдү  

- жалгыз бой ата-энеси бар окуучуларды 

-аскер, укук коргоо органдарында иштегендерге, аскер кызматын өтөп жүрүп майып болгон аскер же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдарына

- жетим балдарга  

-  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга окуу китептери акысыз берилет.   

 3-4 баласы мектепте окуган ата-энелер китептин ижара акысынын жарымын төлөшөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7829



Добавить комментарий