Психиатрдын каттоосунда турган кишиге айдоочулук күбөлүк беришкен
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы психикалык жактан ооруган кишиге айдоочулук күбөлүк берилгени тууралуу фактыны аныктады. Бул тууралуу аталган ведомсвтонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
17-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Чүй-Кемин катоочу-экзамен алуучу бөлүмү тарабынан С. К атуу жаранга "В" категориясы боюнча айдоочулук күбөлүк берилген. Бул жаран 2005-жылдан бери психиатрдын катоосунда турган жана психикалык жактан жабыркаган болуп эсептелген.
Айдоочулук күбөлүк автомектепти бүттү деген күбөлүктүн негизинде жана жасалма толтурулган справканын бүтүмүнө таянып тапшырылган.
Учурда бул тууралуу кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content7826
Добавить комментарий ×