Россияда арбактар менен сүйлөшөм деген кыргызстандык аял кармалды

20 октябрь 2017 11:31 1811 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 “Россиянын Челябинск областында аталган мамлекетте тыюу салынган диний  “Ордо” сектасынын мүчөсү кармалды”,-деп жазууда россиялык ЖМКлар 

Бул боюнча атайын операция жүргөн. Анын жүрүшүнө бул уюмга кошулган энеси оор психикалык жабырланууга дуушар болгонун айткан аялдын арызы себеп болгон.

Укук коргоо органдарына Челябинскинин тургуну кайрылып анын 43 жаштагы апасы кандайдыр бир  диний уюмдун таасирине кабылып, өзүн камчы менен чапкылап, духтарды кубалап, тукуму каргышка калганын айта баштаганын жана чыныгы реалдуулук менен жашабай калганын айтып арыз берген.

“Жабырлануучу ар түрдүү үндөрдү угуп калганынын айта баштаган. Текшерүүдө анын психикасына олуттуу зыян келгени аныкталды”,-деп айтылат укук коргоо органдары тараткан маалыматта.

 Уюмдун эки активистти: 45 жаштагы жергиликтүү тургун жана Кыргызстандан барган аял кармалышты. Кыргызстандык аял Борбордук райондогу эки квартирада өз жөрөлгөлөрүн жасап турган. Укук коргоо органдары тарабынан ал жерден тиешелүү адабияттар, камчы алынды.

Аялдар YouTube каналына арбактар менен сүйлөшүп жатканы тууралуу видеолорду коюуга дагы аракет кылышкан, бирок аны каналдан блоктоп салышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7824



Добавить комментарий