Төрага: Өндүрүштү колго алып, өнөр-жайды өнүктүрөлү
Бул тууралуу кечээ, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Төрага Чыныбай Турсунбеков билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле, 26 жылда тыштан алынган 9 млрд. доллардан ашык өлчөмдөгү каржынын 117 млн. доллары гана өлкөнүн өнөр-жай тармагына жумшалганын эске салган Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Кайсы мамлекеттин экономикасы болбосун, өнөр-жай тармагы өнүгүүнүн баштапкы тиреги болуп эсептелет. Бирок бизде тыштан алынган акчанын бир пайызы гана өнөр-жайды өнүктүрүүгө жумшалганын натыйжасында өзүбүздүн өндүрүшүбүз аксап келет. Өлкөбүз чет жерден ташылган товарларга муктаж болуп, ишкерлерибиздин иши оор. Андыктан, бул маселеге Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, өнөр-жай тармагын өнүктүрүүнү колго алышы зарыл” – деди.
Андан тышкары, ЕАЭБ алкагында да өнөр-жайды күчтөндүрүү аркылуу, атаандаштыкка карата туруктуулукту жогорулатууга болорун айткан Жогорку Кеңеш Төрагасы, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуудан тышкары, аны жүзөгө ашырууга карата жигердүү аракеттерди көрүү керектигин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content7819
Добавить комментарий ×