Бабанов Манастын эстелигинин курулушуна 800 миң сом бөлүп берегенин тастыктады

20 октябрь 2017 10:28 718 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Парламенттин "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкектеин "Ала Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин курулушуна 800 миң сом бөлүп бергенин тастыктады.

 Бабанов өзүнүн кайрылуусунда:

 “Эл көрүп билип жүрөт мен эч качан берген жардамымды ачык жарыялабайм. Баары чын дилден болушу керек деп эсептейм.Бул сүрөттү азыр фейсбуктан көрүп калдым жана ушундай болгонун ырастайм”, -деп жазды Бабанов.

 Эскерте кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев Таластагы митингдин катышуучуларын Абыке жана Көбөштүн тукумдары деп атаган.

 Атамбаевдин билдирүүчү Талас областынын тургундарын нааразы кылган.Кечээ тургундар президентке ачык кат жазышып 2010-жылы 6-октябрда областтык администрацияны алыш үчүн Таластын жаш жигиттери эч нерседен аянбаганын жазышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7816



Добавить комментарий