Ысык-Көлдө алты жаштагы баланы конфет берип алдап зордуктаган өспүрүмдөрдүн соту башталды
Бөлүшүү:
Жети-Өгүздө 6 жаштагы баланы конфет берип алдап зордуктаган өспүрүмдөрдүн соту башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Буга чейин иш тергелип бүтүп, сентябрь айында сотко жөнөтүлгөн.
2017-жылдын апрель айында Жети-Өгүз районунда достор, 16 жаштагы эки жигит жана 17 жаштагы жигит чоң энеси менен жашаган 6 жаштагы баланы конфет беребиз деп алдап ээрчитип элден далдоо жерге алып барышып, зордукташкан. Мындай учур ич ирет кайталган. Акыры бала ата-энесине бул тууралуу айткан. Учурда процесс жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7791
Добавить комментарий ×