Артыкбаев: Полиэтилен калдыктарынын көйгөйү орду толгус зыян келтирүүдө

19 октябрь 2017 12:05 504 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушу тапта полиэтилен калдыктары Кыргызстан үчүн чоӊ экологиялык көйгөйгө айланып турат. Ал айлана-чөйрөнү булгап, адамдардын ден-соолугуна орду толгус зыян келтирүүдө. Аны мамлекеттик деӊгээлде чечүүгө мезгил жетти. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Полиэтилен көйгөйүн азыртан биржаӊсыл чече баштабасак, ал тереӊдеп кетиши мүмкүн. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө мындай экологиялык көйгөйдү чечүүнүн натыйжалуу жолдору иштелип чыгыптыр. Өкмөт бул маселени дыкат иликтеп чыгып, полиэтилен калдыктарын жоготуунун алдыӊкы технологияларын колго албаса болбойт», - дейт эл өкүлү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7785



Добавить комментарий