ӨКМ: “Себат” лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган

19 октябрь 2017 09:55 550 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргыз-Түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 17-октябрында Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-Түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган.

“Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ж.А. Аскарбековдун берген маалыматы 35 окуучу тамак-аштан ууланган.

Ууланган 11 окуучу Талас облустук биргелештирилген ооруканасына стационардык дарыланууга кайрылган, анын ичинен 6 окуучу медициналык жардам алган соң, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 4 окуучу 18-октябрда үйлөрүнө чыгарылган. Калган жеңил ууланган 25 окуучунун ден соолугунун абалы Талас облустук биргелештирилген ооруканасынын кызматкерлери жана лицейдин мугалимдеринин байкоосунда”,-деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/content7771



Добавить комментарий