Бишкекте шамалдан кулаган бак-дарактарды тазалап жатышат

18 октябрь 2017 18:02 515 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  “Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери шамалдан кулаган бак-дарактарды тазалашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардыктардан 2 билдирүү түшкөн. Авариялык бактарды тазалоого ишкананын 40 кызматкери жана атайын техникалар тартылган. Бак кулоодон жабыркагандар жок.

Бишкек мэриясы жарандарды этият болуп, бак-дарактардын алдында абайлап жүрүүгө жана алардын алдына унааларды калтырбоого чакырат.

Бардык билдирүүлөрдү “Жашылдандыруунун” 374784 номерине WhatsApp колдонмосу аркылуу жөнөтүүнү суранат.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;

- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле жарандар үчүн 185 жана 1840 чалуу борборлорунун номерлери иштейт. Маселелер боюнча сүрөтү менен билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content7766



Добавить комментарий