Элди таң калтырган жол белгиси орнотулду (видео)

18 октябрь 2017 16:51 914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Иркутск областында жөө жүргүнчүнү сыйлоонун үлгүсүн көрсөтүштү. Бул өлкөдөгү эң эле ылайыксыз коюлган жол белгиси тууралуу «Вести. Иркутск» маалымдады.

 Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зебра калк эң эле аз жайгашкан Ольхонск районунун Онгурен айылында орнотулган. Зебра коюлгандыгы тууралуу видеону «Вести. Иркутск» булагына жергиликтүү тургундар жиберишкен.

“Бул белгилерди койгонго чейин биздин кыштакта бир да жол белгиси жок эле. Анысы түшүнүктүү, Онгурёндо унаа өтпөйт. Бир айда ашып кетсе 1-2 унаа жүрөт. Бирок ГИБДД атайын буйрук чыгарып, райондун борборунан келишип мектептин жанына жол белгисин коюшту. Бирок көрүп токтотуп коерго унаа жок”,-деп маалымдашкан жергиликтүү тургундар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7761



Добавить комментарий