Маевка айылындагы мүлктөрдү өрттөө фактылары боюнча кылмыш иши козголду

18 октябрь 2017 09:33 447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер органдары тарабынан Аламүдүн районунун Маевка айылында жарандардын мүлкүн өрттөөгө шектүү жарандын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

17-октябрда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, «Фиат» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөнүн, ал эми «Тойота Калдина» жана “Субару” үлгүсүндөгү автоунаалардын дөңгөлөктөрүн күйгүзүүгө аракет жасагандарын аныкташкан. Андан сырткары, тергөө учурунда  Маевка айылындагы үйлөрдүн бирин өрттөөгө аракет кылганы маалым болгон. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамды жергиликтүү тургундар көргөнүн айтып беришкен. Жарандардын мүлкүн өрттөөгө азият улутундагы 30-35 жаштагы жаран шектелүүдө.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши козголду. Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо үчүн ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Кылмышка шектүү психикалык оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7730



Добавить комментарий