Маевка айылында түн ичинде белгисиз адамдар бир нече үйдү жана унааларды өрттөштү
Аламүдүн районунун Маевка айылында белгисиз адамдар түн ичинде үйлөрдү жана унааларды өрттөштү. Бул тууралуу социалдык түйүндөргө айылдын тургуну КИРтаг агенттигинин кабарчысы Альбина Метерова билдирди.
Анын берген маалыматына таянсак, Аламүдүн районунда саат 21:00дөн тартып түнкү саат 3кө чейин 10 ирет өрт коюшкан.
“Жабыр тарткандардын арасында менин үй-бүлөм да бар”,-деп жазды Метерова.
“Акыркы күндөрү биз шайлоодон кийин чагымчыл аракеттер жана массалык башаламандык болуп кетиши ыктымалдыгы тууралуу угуп жатканбыз. Баары жоромол болгондой сезилген. Бирок тилекке каршы чагымчылдар бул аракеттерди ишке ашырышты деп жазды”,-журналист.
Метерованын бул окуя тууралуу кеңири баяндаган постун анын баракчасынан окуй аласыздар.
Ссылка: https://barometr.kg/content7711
Добавить комментарий ×