Афганистанда согуш маалында 11,5 миң адам каза тапты
Дүйнөнүн баш оорусуна айланган, согуш оту тутанып жаткан Афганистанда тероррчулар жада калса жаш балдардын да өмүрүн аяшкан эмес. Афганистанда согуш учурунда жана террорчулардын аракеттеринен улам 2016-жылы каза таап, жаракат алган жай жашоочулардун саны рекорддук көрсөткүчкө — 11,5 миң адамга жетти. Былтыр Афганистанда согуштан улам 3,5 миң киши каза тапса, алардын 923ү балдар экени аныкталган. Кандуу кагылыштар 2,6 миң бөбөктү жарадар кылган. Аталган уюм 2009-жылдан тарта бул өлкөдөгү согуштан жабырлангандардын эсебин алып келет. Алардын айтымында, былтыр бул жаатта сандар 24 пайызга өскөн. Афганистандагы "Талибан" радикалдык кыймылы өлкө аймагында жасалган кандуу окуялардын үчтөн бирин жасагандыгын мойнуна алып келет. Акыркы мезгилдери бул аймакта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлеринин саны кескин өсүп кеткен. 2016-жылы аталган уюмдун террорчуларынын колунан 209 киши мерт кетип, 690 адам жаракат алгандыгы маалымдалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content763
Добавить комментарий ×