Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты: « Олег Панкратов келип отчёт берсин»

7 февраль 2017 11:28 572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун  Конституциялык  палатасынын  чечимдерин аткаруу  маселеси  боюнча  КРнын өкмөтүнө тапшырма жөнүндө  КРнын  Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги №418  токтомунун аткарылышы тууралуу  мыйзам каралмак. Баяндамачы  КРнын  вице-премьер-министр  Панкратов  Олег Михайлович келмек. Вице премьер-министрдин жыйынга келбей калгандыгына байланыштуу  артка жылдыруу маселеси каралды.  Ал кишинин келбей калгандыгына бир топ комитеттин мүчөсү   Олег Михайловичти кызматтан алуу сунушун беришти. Бул учурда СДПК фракциясынын лидери  Иса Өмүркулов сөз алып сүйлөп  “Бул маселе боюнча  Олег Михайлович  бир жылдан бери иликтеп жатат. Келсин, бизге отчёт берсин.  Бул жасаган мамилеси туура эмес. Балким бул маселенин ичинде  көп адамдардын тагдыры жатат. Конституцияда дагы өтүнгөн адамга жооп берүүгө ар бир адам милдеттүү”-деди лидер.  Акырында  комиеттеттин мүчөлөрү  вице-премьер министрдин отчётун эмдиги жыйында укмак болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/content760



Добавить комментарий