Сапар Исаков 15-октябрда №1214 шайлоо участогунда добуш берет
Бөлүшүү:
Премьер-министр Сапар Исаков 15-октябрда Бишкектеги №1214 шайлоо участогунда добуш берет. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Barometr.kgге өкмөттүн басма сөз катчылыгынын жетекчиси Гульнур Торалиева билдирди.
Ал аталган участок Бишкек шаарындагы №6 орто мектептин имаратында жайгашкан.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков аталган участокто катталган жери боюнча добуш берет.
Өкмөт башчы "Ала-Арча" резиденциясында жашай турганын эскерте кетмекчибиз. Резиденциянын башка тургундары №1209 шайлоо участогунан добуш беришет.
Ссылка: https://barometr.kg/content7568
Добавить комментарий ×