Путин Бердымухамедов ага белек кылган алабай тукумундагы күчүктүн башынан өптү

12 октябрь 2017 10:27 1152 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сочиге жумушчу сапары менен барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов орусиялык кесиптеши Владимир Путинди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, ага алабай тукумундагы күчүк белек кылды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

"Мен жагымдуу миссиядан баштайын деп турам. Жакында эле сиздин туулган күнүңүз болгон. Сизди чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, ийгилик жана бардык жыргалчылыктарды каалайм. Белекке кичинекей алабай күчүгүн ала келгем",- деди Бердымухамедов.

Видеодо Бердымухамедов кимдир бирөөгө күчүктү алып келүү буйругун берип, аны желкесинен көтөрүп алганы көрүнүп турат. Күчүк өзүн оңтойсуз сезип жатканын байкаган Путин аны колуна алып, башынан өпкөн.

Бердымухамедов Сочиге КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7472



Добавить комментарий