Бабанов: Чек арадагы кырдаалды мен эмес бийлик түздү

12 октябрь 2017 10:12 772 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 “Бийлик Кыргызстан менен Казакстандын мамилесин өзү начарлатып жиберди жана мунун айынан эки өлкөнүн ортосундагы чек ара көзөмөлү катуулады. Бирок Өмүрбек Бабановду каралоого аракет кылып жатышат”,-деп билдирди Бабанов кечээ, 11-октябрда КТРКда болгон теледебаттардын экинчи турунда.

 “Бийлик өзү эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин начарларына алып келди жана Алмазбек Атамбаевдин айткандарынан улам ушул акыбалга келдик”,-деп билдирди Бабанов.

Талапкердин айтымында ал Казакстандын президенти менен чек араны ачуу тууралуу сүйлөшкөн.

“Бул жолугушууну мен элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүздүм, бирок бийлик эми мени каралап КТРКдан 24 саат бою жамандап жатат”,-деп кошумчалады ал.

 Эскерте кетсек,  мурдагы күндөн тартып Казакстан чек ара бекеттеринде көзөмөлдү күчөткөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7469



Добавить комментарий