Хоккей боюнча «Жумгал районунун кубогуна арналган 5-жолку мелдеш болуп өттү
Жумгал районунун Чаек айылында Жумгал районунун кубогуна арналган мелдеш болуп өттү. Мелдеште жалпысынан 8 команда ат салышып эки күнгө созулду. Мелдешке жалпысынан 8 команда ат салышты. Алар:
1. Кызыл-Жылдыз айылынан Нуралы аке командасы
2. Чаек айылынан Жумгал Шортон командасы
3. Байзак айылынан Байзак баатыр командасы
4. Куйручук айылынан
5. Миң –Куш айылынан Миң куш командасы
6. Түп районунан Долон командасы
7. Ак-Суу районунан Шапак командасы
8. Ат-Башы районунан Ат-Башы командасы.
Командалар өз ара таймашып финалга Түп районунан келген “Долон” командасы менен Чаек айылынан чыккан “Жумгал Шортон” командасы ат салышып 3:2 эсебинде Жумгал Шортон командасы жеңишке жетишти.
Жалпысынан:
1-орунга Жумгал Шортон командасы 20 000 сом
2-орунга Долон командасы 15 миң сом.
3-орунга Байзак командасы 10 000 сом.
4-орунга Ат-Башы командасы 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Мындан сырткары:
Эң мыкты чабуулчу: “Байзак” командасынын оюнчусу Кенжебек уулу Улук,
Эң мыкты дарбазачы: Ат-Башы командасынан Сопиев Алтынбек,
Эң мыкты оюнчу Жумгал Шортон командасынан Кылычбек уулу Ислам,
Эң мыкты коргоочу : Бердалиев Айтилек аталып ардак грамоталар менен сыйланышты.
Мелдешке Жогорку Кеңештин “СДПК” фракциясынын депутаты Автандил Кулбараков демөөрчүлүк кылып уюштуруп берди. Буга чейин да Автандил Кулбараков бир нече спорттук иш чараларга демөөрчүлүк кылып келген. Эл өкүлү өз колу менен командаларга медалдарды жана жеңүүчү кубокту тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content745
Добавить комментарий ×