Ош шаарында дагы бир бала бакча ачылды
Бүгүн, 11-октябрь күнү Ош шаарындагы Курмажан Датка-2 аймактык кеңешиндеги алгачкы балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышты.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев келечек муундарга татыктуу тарбия берүү үчүн шарт түзүү абзел экендигин белгиледи.
“Бул аймак шаардан бир аз алыс болгондуктан таза суу, бала бакча, мектеп деген маселени алгач эл менен болгон жолугушууда айтышкан эле. Көп өтбөй таза суу маселесин жолго салып, мына бүгүн болсо 75 орундуу балдар бакчасын куруп бүтүп, тапшырып жатабыз. Эл үчүн, наристелер үчүн бүгүн кубанычтуу күн. Үч жылдан бери Ош шаарында курулуштун революциясы жүрүп келе жатат. Бүгүнкү ачылган “Ширинтай” балдар бакчасы шаардагы сегизинчи бала бакча. Мындан тышкары 2 мектеп шаардыктарга тапшырылып, дагы эки мектептин курулушу жакынкы аралыкта бүтөт. Ал эми 5 мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат”,- деди А.Кадырбаев.
Ошондой эле, шаар мэри Дача аймагына түнкү жарыктандыруу коюлуп, мектеп ачыла тургандыгын кошумчалап өттү.
Белгилей кетсек, “Курманжан Датка-2” аймактык кеңешиндеги Иригатор көчөсүндө жайгашкан “Ширинтай” балдар бакчасы 75 орунга ылайыкташтылган. Курулуштун сметалык баасы 20 млн.болсо, тендердик баасы 10 млн. 200 миңди түздү. Курулуш иштери “Иверия” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.
Дачадагы алгачкы балдар бакчасынын ачылышына кубанган эл шаар башчысына ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди. Алардын бири Орозалы Сатиев жергиликтүү бийлик тарабынан көңүл бурулбаган аймак акыркы үч жылдын ичинде жанданып жаткандыгын айтып, таза суу саат сааты менен келип жаткандыгын, балдар бакчасы бүгүн тапшырылса, мектептин акыркы курулуш иштери болуп жатат деген кубанычы менен бөлүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content7432
Добавить комментарий ×