ИИМ: Раим Матраимовдун куруучусу Бабановдун үйүнө кирбей эле, мас болуп адашып кеткен

11 октябрь 2017 12:40 729 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимовдун куруучусу президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун  үйүнө кирип кеткен эмес, ал болгону кызуу абалында үйдү алмаштырып алган. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта төмөнкүлөр айтылат: 

10-октябрда болжол менен саат 10:40 чамасында Орто-Сай айылынын Б.Р. аттуу жашоочусу 9-октябрдан 10-октябрга караган түнү үйүнө бейтааныш жаран кирүүгө аракет кылганы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул окуя боюнча териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган.

9-октябрдан 10-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Орто-Сай айылындагы турак жайларды караган ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү жаран кармалып, көзөмөл өткөрүү жайына өткөрүлүп берилген. Тосмонун жанынан кармалган жарандын өздүгүн тактоо маалында ал Казакстан Республикасынын 26 жаштагы жараны Ш.Т. аттуу экендиги аныкталып, ичимдик ичип алгандыгы такталган. Ал жаран Орто-Сай айылындагы үйлөрдүн биринин архитектура-курулуш чиймесин чийип жүргөнүн билдирип, 9-октябрь күнү кечкисин телефон аркылуу келинчеги менен урушуп, андан кийин ичимдик ичип алып, убактылуу жашаган үйүн таба албай, байкабастан бир үйдүн дарбазасына барып калганын айтып, ошол учурда милиция кызматкерлери кармашып көзөмөл өткөрүү жайына тапшырганын билдирген.

Бул окуя болгон убакыттан 9 саат өткөн соң үйдүн ээси Аламүдүн районунун ИИБне арыз менен кайрылган. Аталган окуя Аламүдүн районунун ИИБне катталып, териштирүү иштеринин натыйжасында жогорудагы кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 366-беренеси “Коомдук жайларда баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди булгап мас болуп жүрүү” боюнча протоколдор толтурулуп, Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7426



Добавить комментарий