ИИМ: Ошто Бабановдун үгүтчүлөрү добуш сатып алып жатышканда кармалышты
Кечээ, 10-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Өмүрбек Бабановдун башкы штабына шектүү кутуларды ташып жатышат деген маалымат түшкөн.
Ош ШИИБнин кызматкерлери окуя болгон жерге келишкен. Болжол менен саат 03:00 чамасында көрсөтүлгөн жерден “Daihatsu” үлгүсүндөгү автоунаа чыгып, Амир-Темир кичирайонуна көздөй багыт алган. Садридин - Айни көчөсүнөн автоунаа токтотулуп, текшерүү учурунда 1959-жылы туулган А.С. аттуу айдоочусу унааны башкарып бара жатканы такталган. Автоунаанын ичинде 1953-жылы туулган К.Т. аттуу жаран бар болгон. Автоунаа Ош ШИИБне жеткирилип, күбөөлөрдүн катышуусу менен унаанын багажында 6 каробкага салынган Өмүрбек Бабановдун колу коюлган каттар табылган. Андан сырткары, кармалган жарандардан ири суммадагы 185 000 миң сом акча каражаты табылган. Тергөө учурунда А.С. аттуу жаран жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты шайлоочулардын добушун сатып алууга арналганын билдирген. Аталган факты боюнча материалдар чогултулуп, сотко жана Аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо мыйзамынын негизинде чечим чыгаруу үчүн жөнөтүлгөн.
Түшүндүрүү иштеринин негизинде, С.А. аттуу жаран өз ыктыяры менен штабка карата чараларды көрүп берүүлөрү үчүн сотко кайрылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7417
Добавить комментарий ×