Шайлоо өткөрүү боюнча штабдын жетекчеси болуп Толкунбек Абдыгулов бекитилди

10 октябрь 2017 15:45 409 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамына киргизилгендер:

- Момуналиев Нурханбек Сакенович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;

- Айдарбеков Айбек Акматбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, республикалык штабдын мүчөсү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7390



Добавить комментарий