Токтогулдун тургуну 5 киллограмдан ашык баңгизат менен кармалды
Токтогул районунун жашоочусу 5 киллограмдан ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-октябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районунун Токтогул шаарынын 33 жаштагы А.А. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, текшерүү учурунда ак түстөгү пакеттин ичинен 10 даана желим бөтөлкөгө салынган өзгөчө жыты бар, шектүү заттар табылган.
Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында 3 килограмм гашиш жана 2 килограмм марихуана баңгизаты аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми шектүү Токтогул РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content7333
Добавить комментарий ×