Осмонбек Артыкбаев жаштар менен жолугушуу өткөрүп, суроолоруна жооп берип, өзүнүн инсандык сырлары менен бөлүштү
1-февраль күнү Жогорку Кеңештин «КСДП» фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев «Токтогул жаштары» коомдук фондунун жаштары менен ак үйдө жолукту. Жолугушуу кеңири форматта өтүп, студент жаштардын кызыккан суроолоруна жооп берди.
Суроолордун негизги бөлүгү саясатка арналып биздин мамлекеттин өнүгүүсүнө, саясый багытына арналды. Жаштардын суроолоруна жооп берип жатып Эл өкүлү мамлекеттеги саясый кызматтардын бири болгон министрлик кызматтарга сөзсүз эле ошол багыттын адамы эмес, менеджери керек экендигин баса белгиледи.
Мындан сырткары Эл өкүлүнө студенттер тарабынан инсандык калыптануу тууралуу дагы суроолор беришти. Осмонбек Мамбетжанович жаш муундарга өзүнүн башынан өткөн нерселерге токтолуп «Баардык жетишчү ийгиликтердин артында аракет менен күчтүү билим гана турат. Менин башымдан деле кыйынчылыктар, жокчулуктар барчылыктар, көп нерселер өткөн. Ийгиликке жетишүү үчүн көп сүйлөбөй көбүрөөк иштеш керек. Мисалы мен азыркы убакытка чейин иштейм жазам. Философияга, психологияга, тарыхка кызыгам. Ушул жашка келип дагы тил үйрөнүп жүрөм. Бул менин жашоо образым. Жашоодо жетишкендиктерге жетиш үчүн күчтүү билим алып алдыга так даана максаттарды коюп, аракет кылуу зарыл. Дүйнөлүк ийгиликке жетишкен адамдардан силердин эмнеңер кем? Силер дагы аракет кылгыла, силер дагы окугула. Англис тили азыр өтө зарыл. Сиздер сөзсүз түрдө үйрөнүп алышыңыздар керек» -деди.
Байгазиев Беганас аттуу студент жигит депутатка «Өзүңүздү мамлекетке пайда келтирген инсанмын деп эсептейсизби деген суроосуна «Ооба, өзүмдү пайда келтирген инсан катары эсептейм. Жумуш орундарды түздүм, мамлекетке салык төгүп турам. Бул да болсо мамлекетке пайда алып келгеним деп эсептейм. Буйруса алдыда дагы көп максаттарым бар. Мамлекет үчүн алымдын жетишинче күчүмдүн барынча аракет кылдым. Мындан ары дагы көп нерсе жасагым келет. Алары дагы орундатышым керек. Ар бир адам Кудай берген нерсени баалап пайдаланып жашаш керек. Кудай берген көз бут кулак баары бар. Мунун баарын пайдаланып жакшы аракеттерди кылсаңар баары жакшы болот. Силерде азыр алтындай убакыт бар. Пайдаланып калгыла. Ар бир минутту эмес, ар бир секунду баалап жашаңыздар» деген насаатын берди.
«Ар бир инсан кечиримдүү болуп, жүрөгүнө кек сактабай, ар кимди жамандабай, аракет кылып адамдарга жакшылык сактап жүрөгүн таза кармаш керек. Аларга короткон убакытты жакшы нерселерге арноо керек» деген кеңешин айтты Осмонбек Артыкбаев.
Мындан сырткары жаштар Осмонбек Артыкбаевдин бир жылда канча кайрымдуулук жасаарына дагы кызыгышты. «Мен колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылам. Бирок адам деген бирөөдөн жардам күтпөй аракет кылып өзү иштесе тапкан акчасы берекелүү болот. Эмгек эч качан адамды жерде калтырбайт. Жыл сайын 3-4 млн сомдук кайрымдуулук жасайм. Ай сайын 300-4000 миң сомдой акча кайрымдуулукка кетет. Быйыл буйруса жакында Токтогулдун Ничке-Сай айылына барып спорт залды ачып келебиз. Мындан сырткары Комсомолго, Үч-Терекке, Өзгөрүшкө, Саргатага таза суу маселесин чечип бердик. »-деп жооп берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content733
Добавить комментарий ×