Темир Жумакадыров каза тапкан кырсыкта КамАЗ унаасындагы отурган жүргүнчүнүн буту сынган

9 октябрь 2017 10:33 510 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза тапкан жол кырсыгында ал түшүп бара жаткан унааны сүзгөн КамАЗ унаасынын айдоочусунун жанында дагы жүргүнчү болгон. Ал бутунан жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Москва районунда 7-октябрь күнү саат 06:46 чамасында Садовое айлында Бишкек-Чалдыбар унаажолунун 34-чакырымдарында Тойота Ланд Крузер үлгүсүндөгү мамлекеттик № B 7455 AR жана чоң жүк ташуучу КамАЗ үлгүсүндөгү мамлекеттик № 052 AAN автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен 4 адам жабыркаган, 2 адам кырсык болгон жерден көз жумган, 1 адам оорукадан көз жумган. КамАЗ унаасындагы жабыркаган эки адамдын бирөөнүн буту сынып, Москва райондук ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 8 куткаруучусу барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

Автор фото: Азамат Аралбаев, Sputnik.kg

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7316



Добавить комментарий