“Маалымат күркөлөрүн” ишке киргизүү боюнча долбоордун бет ачары кийинкиге жылдырылды
9-октябрда, дүйшөмбү күнү Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке киргизүү боюнча долбоорунун бет ачары өтмөк. Бирок ал вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталын түзүмүнүн бет ачарына министрлик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.
Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү порталы – бул автоматташтырылган маалыматтык системанын санариптик калкты тейлөөнүн борбору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарын электрондук форматта алууга жана бирдиктүү терезени өзүнө камтыйт.
Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталынан төмөдөкүдөй кызматтарды алууга болот: никени каттоого арыз берүү, жашаган дареги боюнча каттоого туруу, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу, дарек кагазын алуу, жоготулган документтерди текшерүү жөнүндө маалымат кагазын алуу, жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн арыз-анкета тапшыруу, кыймылсыз мүлккө жана кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу, айдоочулук күбөлүк алуу болот.
Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүу порталын киргизүү өлкөнүн жарандарына мамлекеттик кызматтарды алууга, анын ичинде керектүү маалымкаттарды, жалпы жарандык паспортторду үйдөн чыкпастан дистанциялык түрдө алууга шарт түзүлөт.
«Маалымат күркөлөрү» “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик мекеменин бөлүмдөрүндө “Таза Коом” долбоорунун алкагында ишке кирүү менен калкка айыл өкмөттүн деңгээлинде мамлекеттик кызматтарды жеңилдетилген түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Азыркы учурда өлкө боюнча “Кыргыз почтасы” ММ 363 филиалында күркөлөр ачылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content7313
Добавить комментарий ×