Бүгүн абанын температурасы +22 градуска чейин ысыйт
Бүгүн, 9-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалды багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21;Талас аймагында түнкүсүн +0...+5, күндүз +12...+17; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +17...+22; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20; Нарын облусунда түнкүсүн +0...+5, күндүз +14...+19;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +17...+19 градус жылуу болот.
Ал эми 10-11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/content7312
Добавить комментарий ×