Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат
Бүгүн, 9-октябрда жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилет. Учурда Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадаровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.
Анын курамына:
- Исаков Сапар Жумакадырович – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич – Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
- Момуналиев Нурханбек Сакенович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси;
- Исраилов Улан Жумабекович – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын каржы министри;
- Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри;
- Боронов Кубатбек Айылчиевич – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Батыралиев Талантбек Абдуллаевич – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Казаков Түгөлбай Токтогулович – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
- Ибраимов Албек Сабирбекович – Бишкек шаарынын мэри;
- Курманалиев Алмазбек Абдиназарович – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
- Сегизбаев Абдил Кеңешович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
- Касымкулов Мирбек Абдыкаимович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;
- Карыпбеков Илим Майрамбекович – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору;
- Жылкыбаев Узарбек Казиевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Мамбетакунов Нурбек Телманович – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын орун басары;
- Жумалиев Болот – маркумдун тууганы кирди.
7-октябрь күнү Темир Жумакадыров Таласка шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышуу максатында бара жатып жол кырсыгына кабылган. Анын жардамчы жана айдоочусу да мерт кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/content7311
Добавить комментарий ×