Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Бөлүшүү:
7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болду. Маалыматты өкмөттөн Barometr.kg ырасташты.
Анда жолтандабас менен КамАЗ автоунаасы кагылышып, үч киши каза тапкан.
Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп, Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыкканы айтылууда.
Темир Жумакадыров 1979-жылы 4-августта Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ушул жылдын премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7280
Добавить комментарий ×