Төрөбаев өзүнүн талапкерлигин алып салды

6 октябрь 2017 15:42 360 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан президентикке ат салышып жаткан Бакыт Төрөбаев өзүнүн талапкерлигин алып салды.Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катчылыгы билдирди.

 “Бүгүн мен Өмүрбек Бабановду колдош үчүн өзүмдүн талапкерлигимди алып салуу тууралуу арызымды БШКга бердим”,-деп билдирди Төрөбаев. 

 Ал өз арызында 15-октябрда боло турган шайлоодо анын ордуна шайлоочулар Өмүрбек Бабановго добуш берүүсүн өтүндү. Төрөбаев Бабанов менен тандем түзгөн. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өткөрүлөт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7259



Добавить комментарий