Алма-Ата шаарында каза тапкан учкучтардын сөөгүн Кыргызстанга бүгүн алып келишет
Бөлүшүү:
Бүгүн, 6-октябрда Алма-Ата шаарынын жанында болгон учак кырсыгынан каза тапкан учкучтардын сөөгүн Кыргызстанга алып келишет. Бул тууралуу ТИМдин кызматкери Айымкан Кулукееева билдирди.
4-октябрда каза тапкандардын сөөгү салынган 2 унаа Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 3-октябрда 18.35те беш адам түшкөн жарандык авиациянын учагы Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен. Кийинчерээк аба кемеси айдоо талаасына кулап, күйүп кеткени аныкталган. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн. Кыргызстандын эки жараны каза тапкан.
Алар: учактын командири Цой Геннадий Сергеевич, инженер Акматбаева Эрмек Акматбаевич болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content7257
Добавить комментарий ×