КРнын Россиядагы элчилиги: жол кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктар жок

6 октябрь 2017 13:39 467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алдын ала маалыматтарга таянсак, Россиянын Владимирск областында болгон жол кырсыгында жабыркаган Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу  Barometr kgге Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин пресс-атташеси Гульбарчын Байымбетова бүгүн, 6-октябрда билдирди.   

“Владимирскиде болгон жол кырсыгында каза тапкандар тууралуу алдын ала маалыматтар алынды алардын арасында кыргызстандыктар жок”,-деп билдиришти элчиликтен.

 Ошондой эле элчилик автобуста Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги тууралуу так маалыматты кийинчерээк дагы маалымдаарын кабарлады.

Эскерте кетсек, 6-октябрда Москва убактысы боюнча саат 03:39да Казакстандан чыккан автобус Санкт-Петербургдан Нижний Новгородго бара жатып поезд менен кагылышкан. Жол кырсыгынан 19 адам каза тапкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7254



Добавить комментарий