Бишкек президенттик шайлоону өткөрүүгө даяр
Бишкек президеттик шайлоону өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров кечээ, 5-октябрда, президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Бишкек шаарынын штабынын отурумунун жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Темир Жумакадыровдун айтымында, республикалык штабдын мүчөлөрү өлкөнүн дээрлик бардык облустарын кыдырып, штаб отурумдарын өткөргөн.
“Бүгүн биз бардык участкалык комиссиялардын даярдыгы, электр тогу, байланыш жана бардык керектүү инфраструктуралар менен камсыздалынышы тууралуу борбордук штабтын башчысын уктук. Ошондой эле кошумча чаралар тууралуу талкууладык. Шайлоочулардын саны ортодон жогору болгон участкаларга кошумча чараларды карадык”, –деди ал.
Вице-премьер-министр, шайлоо күнү бардыгы иштеш керек деген так көрсөтмө берилгендигин белгиледи.
“Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президентин шайлоону өткөрүүгө шаар даяр деп айтса болот”, – деп кошумчалады Темир Жумакадыров.
Вице-премьер-министр билдиргендей бүгүнкү күндө шайлоого даярдыктар боюнча көйгөйлүү маселелер жок.
“Бүткүл өлкө боюнча күнүмдүк турмушубузда да көйгөйлөр бар, бул участкалардын айланасындагы маселелер. Интернет түйүндөрү менен алыскы шайлоо участкаларын камсыз кылууда дагы кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Ал жакта мурункудай эле кол менен эсептөө ыкмасы жүргүзүлөт”,- деди Темир Жумакадыров.
Ссылка: https://barometr.kg/content7248
Добавить комментарий ×