Россияда Казакстандан бара жаткан автобус ала салды, 19 адам каза тапты
Россиянын Владимирск областында болгон жол кырсыгында 19 адам набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Россиянын ЖМКлары кабарлашты.
“6-октябрда Москва убактысы боюнча саат 03:39да Казакстандан чыккан автобус Санкт-Петербургдан Нижний Новгородго бара жатып поезд менен кагылышкан. Жол кырсыгынан 19 адам каза тапты”,-деп кабарлады РИА Новости.
Жарандар тууралуу так маалымат жок. Алдын ала маалыматтар боюнча бул Өзбекстандан же Казакстандан барган мигранттар болушу ыктымал.
Көз жумгандардын бири жаш бала экени айтылууда.
“Жүргүнчү автобус темир жол светофорунун тыюу салган белгисинен өтүп кеткен жана поезд менен кагылышкан”,-деп билдиришти укук коргоо органдары.
Азырынча аталган каттам менен бара жаткан Кыргызстандын жарандары болгонбу же жокпу такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content7243
Добавить комментарий ×