Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы ачылды

6 октябрь 2017 10:48 709 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 5-октябрь күнү Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылышы болуп, кызыл тасмасы кесилди.   Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Кароосуз калган эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп, шаардыктардын эң кооз жайына айланган жердин ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, бир нече чет өлкөнүн шаарларына келген делегациялар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы эс алуу жайларынын 99% үч жыл аралыгында толук оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн белгилеп, жеке менчикке өтүп кеткен парктар да кайтарып алынгандыгын айтып өттү.

“И.Раззаков атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калгандыгын шаар тургундары жакшы билет. Бак дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аймактын тургундары менен жолугушуу өтүп, дал ушул эс алуу жайын оңдоп берүү сунушун киргизишкен. Аз убакыт өтбөй муниципалдык менчикке өткөрүү иштери жүрүп, реконструкцияны баштаганбыз. Мына жашылдардыруу комбинатынын кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги менен эс алуу жайы Ош шаарындагы эң кооз жайлардын бири болуп, Ош шаарынын 3017-жылдыгы өтүп жаткан күнү шаардыктарга тапшырылды. Даталуу күнү ачылып жаткан эс алуу жайы тургундарга ар дайым жагымдуу маанай тартууласын. Эс алуу жайдын сметалык баасы 14 млн. сомду түзүп, тендердик баасы  8 млн. 421 миң болду”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, шаар мэри шаардыктарды эс алуу жайды жашылдардырып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзгөн кызматкерлердин эмгегин баалап, тазалыкты сактоого чакырды. Салтанаттуу иш-чара куттуктоо сөздөр менен уланып, конокторго жана шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, эс алуу жайдын жалпы аянты 21998 чарчы метр, оңдоп түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган. Курулуш иштери “Агым Прогресс”, “Мега ремонт”, “Ак-Ордо курулуш” ЖЧКлары тарабынан жүргүзүлдү.

Айта кетсек, акыркы үч жылдын ичинде 10го чукул эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп шаардыктиарга тапшырылган. Алар “Жеңиш”, “Ата-Түрк”, “Космонавттар”, “Семетей” жана башка эс алуу жайлары.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7236



Добавить комментарий