6-8-октябрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

6 октябрь 2017 10:42 690 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 6-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13; Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12; Нарын облусунда түнкүсүн -1...-4, күндүз +7...+12;

Бишкек шаарында 6-8-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +11...+13 градус жылуу болот.

Ал эми 7-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7235



Добавить комментарий