Сариевге Куранды жана Конституцияны кармап коррупцияга аралашкан эместигин далилдөөнү сунуш кылышты

6 октябрь 2017 10:34 630 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президентикке талапкер Арсланбек Малиев өзүнүн аттандашы Темир Сариевге Куранды жана Конституцияны кармап коррупцияга аралашкан эместигин далилдөөнү сунуш кылды. Мындай сунушун ал кечээ 5-октябрда КТРКнын түз эфиринде болгон теледебатта айтты.   

Негизинен Малиев Сариев Бакиевдердин банк ячейкаларынан акча алганбы же жокпу ушуга кызыкты.  

“Мен коррупцияга аралашкан эмесмин. Ал тургай президент Атамбаев менин таза экенимди жана коррупциялык схемаларга аралашпаганымды айтты”,-деген Сариев эл алдында ант берди.

2010-жылы Башкы прокуратура банк ячейкаларындагы акча жана видеокамералардын жазуусу жоголгону боюнча кылмыш ишин козгогон.

 2010-жылы 7-апрелден кийин убактылуу өкмөт өзүнүн декреттери менен АУБ, «Манас банк», «Кыргызкредитбанк», «Иссык-Куль Инвестбанк» жана башка банктардагы эсептерди камакка алган.

 Тергөө тобу ондон ашык банк ячейкаларын ачып алардан Бакиевдин жакындарына таандык боглгон 21 миллион долларды алышкан. Бирок кийин АУБ жана “Манас банктын” банк ячейкаларында Бакиевдерге таандык 100 миллион долларга жакын каражат болгону маалымдалган.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7234



Добавить комментарий