Президентикке талапкер Малиев өзүнүн оппоненттерине тырмоо белек кылды
КТРКнын түз байланышында болгон теледебатта президенттик кызматка талапкер Арсланбек Малиев өзүнүн атаандаштарына мурдагы каталарын кайталабасын деп тырмоо белек кылды.
“Мен сиздердин ар бириңиздерге мурдагы катаңарды кайталап калбасын деп бирден тырмоо берем”,-деп айтты өзүнүн бул аракетин түшүндүргөн депутат.
Бирок экс-премьер-министр Темир Сариев атаандашынын белегинен баш тартты жана Малиевдин өзүнө кайтарып өзү да ушул тырмоону басып албай жүрүүсүн каалады.
“Темир Аргембаевич сиз мага ушул тырмоону кайра бердиңиз демек сиз өз катаңыздан сабак алууга аракет кылбайт окшойсуз”,-деп белгиледи Малиев.
Сариев популисттик билдирүүлөрдү жактырбай турганын айтты.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда болгон теледебатка: Темир Сариев, Талатбек Масадыков, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content7232
Добавить комментарий ×