Канат Исаевдин 4 жаштагы кызы беш күндөн бери уктабай атасын күтүп жатат
Канат Исаевдин кызы Бермет анын атасын кармоого күнөөлүүлөр өз жазаларын алат деп ишенет. Ал жашоо бумеранг деп түшүнөт.
“Бейшембинин кадимки таңы, бирок мурдагыдай эмес биз беш күндөн бери атабызды көрө элекпиз.
Мен эртең менен атамдын көйнөгүн үтүктөбөйм, эртең менки тамакты атам жолугушуудан кечикпей барсын деп шашып жасабайм. Бүгүн 4 жаштагы сиңдим атам командировкада эмеспи деп ойготту. Канышай атасын абдан сагынып жатат жана бир аздан кийин келет деп күтүүдө.
Мен жакын арада атабызды акташат го жана бул туура эмес иштин күнөөкөрлөрү жазасын алат го деп үмут кылам.
Ал бийликти кантип басып алууга аракет кылсын, анын партиясы парламентте үчүнчү орунда турганда. Күлкү келерлик ошол эле маалда таарынычтуу. Бул мыйзамсыздык канчага чейин уланат?”,-деп жазды Исаевдин кызы.
Эскерте кетсек, 30-сентябрда парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынды. Исаев УКМКнын Тергөө абагына камалган.
Депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.
Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.
Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда.
Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7230
Добавить комментарий ×