Өкмөт бажы биримдиги боюнча парламентте отчёт берет

2 февраль 2017 10:13 374 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-февралда парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандын Евразиялык  экономикалык бирлигине кирүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы атайын журналисттерге маалымат таратты.  Буга чейин депутаттар аталган маселе боюнча атайын өкмөттүк саат өткөрүү сунуштарын берген. Анткени өлкөдө товарды сыртка экспортто акыркы убакта кескин төмөндөп кеткенин айтып, өкмөттүн ишин сындап келишкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/content723



Добавить комментарий