Бишкек шаарында теракт уюштурууну көздөгөн жаран кармалды
Бөлүшүү:
Бишкек шаарында теракт уюштурууга даярданып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну 2012-жылы Сириядагы согуштук лагерлердин биринде күжүрмөн даярдыктан өтүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлер менен күрөшүүгө катышкан.
Террордук топтун башчысынын тапшырмасы боюнча А.А. Кыргызстанга диверсиялык-террордук иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн активдүү даярдык көрүү максатында келген. Учурда ал “күтүү убактысында” жүргөн.
Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7202
Добавить комментарий ×