Жээнбеков менен Бабановдун кайым айтышын соцтүйүндөгүлөр кызуу талкууга салышууда
Кечээ, 4-октябрда КТРКнын түз байланышында президентикке талапкерлердин таймашы болду. Ага төрт талапкер: Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Токтайым Уметалиева, Арстанбек Абдылдаев катышты.
Дебаттын учурунда Жээнбеков менен Бабанов көп маселелерди талашып-тартышты.
Бабановдун эмне үчүн коррупция менен күрөштү айтпайсыз деген суроосуна Жээнбеков нааразы болуп андан соң эки талапкер бири-бирин айыптаганга өтүп кетишти.
Жээнбеков Бабановду балапан жана популист деп айтса, Бабанов аны сылык болууга чакырды. Жээнбеков Бабановдун миллиондорун териштирем десе Бабанов президент болсо аны чайга чакыра турганы айтты.
Учурда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ар бир талапкердин билдирүүсүн кызуу талкуулап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7200
Добавить комментарий ×