Ош шаарынын 3017 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

5 октябрь 2017 13:28 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата бир топ майрамдык маданий-массалык иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок, белгилүү ырчы, бийчилердин коштоосунда концерттик программа тартууланды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, легендарлуу парламенттин депутаттары, бир нече чет өлкөлүк шаарлардын расмий делегациялары, шаар тургундары жана меймандары катышты. А.Кадырбаев Ош шаарынын жетишкендиктерин баса белгилеп, жалпы элди шаардын  3017 жылдык майрамы менен куттуктады.

“Кылымдарды карыткан, маданияттын очогу болгон  ордолуу Ош шаарыбызда чоң салтанат – сүйүктүү шаарыбыздын 3017 жылдык майрамы. Шаар күнү биз үчүн жөн гана катардагы күн эмес. Бул күн кылым карыткан тарыхы бар, аты алыска, даңазасы далайга кетип,  шаардын чок ортосунда ыйык «Сулайман Тоосу» орун алган, шаарды аралап керемет    «Ак-Буура» дарыясы аккан, улуу бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу, жайы салкын, кышы жылуу, көргөндүн көз жоосун алган сүйүктүү шаарыбыздын улуу майрамы. Ошондон улам баарынан мурда Сиздерди, урматтуу кадырман калкым, Ош шаарынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга майрамдык маанай каалайм.

Ош шаары, оштуктар быйылкы шаар күнүн эмгектеги ири ийгиликтери, жакшы саамалыктары жана жаңы демилгелери менен татыктуу тосуп олтурушат десем жаңылыштык болбойт. Быйылкы жыл, бүгүнкү майрам шаардыктардын ынтымагы, биримдиги, байгерчилиги менен коштолуп, өнүгүүнүн түз жолуна түшкөндүгүбүздүн ачык-айкын далили катары  сезилип тургандыгы менен айырмаланып турат”,-деди шаар мэри.

Ошондой эле, майрамдын алкагында Ош шаарында кызмат көрсөтүп жаткан бардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, кесип ээлери майрамдык параддан өтүштү.

Айта кетсек, шаар күнүндө  “Ош Агро -II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү, “Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.И.Раззаков атындагы  эс алуу багынын ачылышы болуп, майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт.

Майрам кечкисин, борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган белгилүү эстрада  ырчы, бийчилердин жана фольклордук топтордун катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7189



Добавить комментарий