Ошто ак таңдай акындардын айтышы болду

5 октябрь 2017 11:43 689 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 4-октябрь күнү Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айтышка жети облустун алп акындары катышып,  Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым каарыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акын элдин элчиси экендигин айтып, бул өнөр кылымдар бою көчмөн элдерде жашап келгендигин белгиледи.

“Акын-чындыкты ыр саптары аркылуу төгүп бетке айткан, жамандык-жакшылыкты, сулуулукту даңазалаган адам. Тилинде накыл сөзү менен элди ынтымакка чакырып, жакшы маанай тартуулаган адам. Бул талант туубаса боло тургандыгын жакшы билебиз. Сөзгө чечен, кепке бай адам гана акын боло алат. Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган «Ак таңдай -2017» айтышына келип катышып, шаардыктарга жана конокторго төгө ырдап бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”, -деди А. Кадырбаев.

Белгилей кетсек, республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышына кыргыз эл акыны Рахматтулла Козукеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Нуралиев, акын Жыпар Арзымаматова, төкмө акын Шамырбек Тургунбаев, төкмө акын Калык Сатымкулов, маданияттын мыктысы Мамел Исраилов, КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев, “Ак таңдай” акындар ордосунун негиздөөчүсү Абдибали Акимбеков катышты.

Айтыштын соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлыктарды  тапшырды. Мындан тышкары, акындардын арасынан элдин добушу менен жеңип чыккан эки акынга 15 миң сомдон дагы кошумча акчалай сыйлык тапшырды. Алар Кара-Кулжа районунун акыны, маданияттын мыктысы Жыпара Арзымаматова жанан КРнын эмгек сиңирген акыны Амантай Кутманалиев болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content7181



Добавить комментарий