Сапар Исаков: Экспортерлор жеңилдетилган насыя алууга мүмкүнчүлүк алышты

5 октябрь 2017 11:40 508 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

«Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбоорунун алкагында экспортерлор жеңилдетилган насыя алууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды колдоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбоорун ишке ашыруда. Аталган долбоордун башкы максаты ишкерлик субъектилерге, башка мамлекеттерге товарларын экпортко чыгарган ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү.  Белгилеп кете турган нерсе, «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруунун алкагында Өкмөт ата мекендик экспортерлорго колдоо көрсөтөт», – деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбооруна катышкан 9 коммерциялык банктын өкүлдөрүнө кайрылып, аталган долбоорду ишке ашырууда, өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоо зарылдыгын эскертти.

«Айыл чарба тармагынын келечегин биз айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү менен байланыштырабыз. Аны эске алуу менен коммерциялык банктар айыл чарба тармагындагы кооперативдер менен тыгыз иш алып барып, алардын өнүгүшүнө финансылык колдоо көрсөтөрүнө ишенем. Анткени айыл чарба тармагындагы ишкерлер азыркы тапта финансылык колдоого муктаж болуп турат», – деди Өкмөт башчы Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле жакын арада бизнести тейлөө боюнча бирдиктүү долбоор ишке кирерин, ал жакта ишкерлер кыска убакыт аралыгында бардык керектүү документтерди алганга шарт түзүлөрүн баса белгиледи.

Белгилей кетсек, «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1» долбоорун  каржылоого каражат коммерциялык банктар тарабынан 10% үстөк менен айландыручу каражаттарды 36 айга ал эми негизги  каражат 60 айга чейинки мөөнөткө берилет.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content7180



Добавить комментарий