Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын директору болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Нишанов Нургазы Нурланович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Буга чейин Нургазы Нишанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/content7178
Добавить комментарий ×