Өкмөттө 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жыйын болду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 4-октябрда, ушул жылдын 9 айындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында финансы министринин орун басары Алмаз Бакетаев, Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов 2017-жылдын январь-сентябрь айларында респбуликалык бюджетке 97 857,3 млн. сом каражат түшүп, бул 102,2 % түзгөнүн билдиришти.
2016-жылдын ушул маалына салыштырмалуу ресурстар 11,6% өсүп, 10 142,6 млн. сомго жеткен.
Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 85 346,0 млн. сом же 102,7% болду. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 14 756,8 млн. сомго жогору.
Салык кызматы боюнча 40 578,6 млн. сом каражат түшүп, план 98,7% аткарылган. Бажы кызматы боюнча 24 303,0 млн. сом түшүп, план 101,0% жетти.
Өкмөт башчы Сапар Исаков министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен октябрь айына карата бюджеттин пландалган бөлүгүн өз убагында аткарууну тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7169
Добавить комментарий ×