Бабанов менен Жээнбеков бири-бирин Максим Бакиев үчүн күнөөлөштү

5 октябрь 2017 10:36 438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 КТРКнын түз эфиринде болгон кызуу талашта эки атаандаш экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен ким дос болгонун тактап чыгууга аракет кылышты.

 “Баарыңар азыркы бийликти сындап жатасыңар, бирок көп нерсеге өзүңөр күнөөлүүсүңөр. Силер көп объектилер менчиктештирилип кетти деп жатасыңар. Бирок буга сиз досуңуз Максим Бакиев экөөңүздөрдүн да катышыңар бар”,-деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановго кайрылып.

“Мен Максим Бакиевидин досу эмесмин. Максимдин досу азыр өкмөт башчынын креслосунда отурат жана байкасаңыз ал сиздин партиялашыңыз”,-деп жооп берди Бабанов.

 Бабановдун айтымында, Жээнбеков мурдагы бийликтин тарапташы катары айыл чарба министри болуп иштеп турган.

“Мен 2010-жылы революцияда президент Атамбаев менен катарда жүрсөм, сиз түштүктө жогорку бийликте туруп жашынып жаткансыз”,-деп айтты Бабанов.

 “Бул калп, мен жооп бергим келбейт”,-деп пикирин билдирди Жээнбеков.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7165



Добавить комментарий