Бабанов жана Жээнбеков бири-бирин калп айтпоого чакырып уруша кетишти
Бөлүшүү:
“Сиз дароо эле коррупция менен күрөшүүнү эскерткен жоксуз. Бажы жана башка тармактарда коррупция жокпу? Учурда өкмөттүк эмес уюмдардын берген маалыматына таянсак, Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 136-орунда турат”,-деп суроо узатты КТРКда болгон дебатта президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзүнүн атаандашына.
Жээнбеков Бабановду акыйкат болууга чакырды.
“Өмүрбек иним чындыкты айт жана адилет бол. Сен өзүң мен чынчыл адам экенимди жакшы билесиң. Корупцияга аралашкан эмесмин. Сен бул суроону мени каралап берип жатасың. Мен муну айткым келген эмес. Мен сен тууралуу билем. Мен үчүн байлык эч нерсе эмес, мен элге кызматкылам”,-деп айтты Жээнбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/content7162
Добавить комментарий ×